Мамэкотехинcпекция жөнүндө.

КР Өкмөтүнүн « КР Өкмөтүнө  караштуу  мамлекеттик башкаруудагы  органдар жана  башка КР Өкмөтүнө  караштуу башка мекемелер жөнүндө» 12.01.2012ж. №12  токтомуна ылайык жана  Жогору Кеңештин  «КР Өкмөтүнүн  тутуму жөнүндөгү» 23.12.2011 ж. №1452-V  токтомуна ылайык ошондой эле   аткаруу  бийлигиндеги органдарда  реформа  иштерин жүзөгө  ашырууга  байланыштуу  КР Өкмөтүнө  караштуу экологиялык  жана  техникалык коопсууздук  боюнча  мамлекеттик  инспекция  түзүлгөн.
КР Өкмөтүнө  караштуу  экологиялык  жана  техникалык  коопсуздук  боюнча  мамлекеттик  инспекциясына инспекциялык  жана  көзөмөлдү  ишке  ашыруучу  төмөнкү  мамлекеттик  органдар, бөлүмдөр  өткөрүлөт:
КР энергетика  министрлигинин  алдындагы   энергетика  жана газ боюнча  мамлекеттик  инспекциясы;
КР жаратылыш ресурстары министрлигинин  алдындагы  ТОО-кен,онор-жай тармагындагы коопсуздукту көзөмөлдөөчү малмекеттик  инспекция;
КР жаратылыш ресурстары  министрлигинин  алдындагы  жерди  пайдалануу жана коргоо боюнча  жер инспекциясы;
КР Өкмөтүнө  караштуу архитектура-курулуш боюнча мамлекеттик  агенттиги;
КР Өзгөчө  кырдаалдар  министрлигинин  алдындагы атомдук  жана  радиациялык коопсуздук  боюнча   агенттиги;
КР эмгек, ишке орноштуруу  жана миграция министрлигинин  алдындагы мамлекеттик  эмгек инспекциясы;
КР Өзгөчө кырдаалдар  министрлигинин алдындагы  өрт коопсуздугу  боюнча  агенттиги;
КР айыл-чарба  министрлигинин  алдындагы Башкы  мамлекеттик  техникалык  инспекция;
КР Өкмөтүнө  караштуу токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча  мамлекеттик  агенттиги;

Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө

Дополнительная информация