Кырсыктын абалы.

Кырсыктын абалы

Өткөн  жылы эмгектик оргоо жана эмгек мыйзамдарын коргоо тармагында  1548 мыйзам бузуу орун  алды. 34,2  млн сом  алынган травмаларга компенсация катары  төлөнүп  берилди. 421,4 мин  сом айлык акы кармалган иш беруучулөр менен болгон узак убакытка созулган араздашуулардан киийн берилген. Бул өтө көп сумма.  Ошол учурда аз.  Бирок  эмгектен жабыр тарткан жумушчулардын укуктарын коргоо татаал экендигин эске алсак  аз.

Куруучу Үсөндүн ишиндеги кырсык 

2008-жылдын  12-апрели Үсөн  Чопуровдун жашоосун башка жакка  бурду. Арадан  5  жыл өтсө  да өмүр бою майыпкылган күндүн  сүртүмдөрү дагы  деле эсте. Мактанып айта турганы алган травмасы учун каржы жардамын алды.   Иш үстүндө алган жаракаты учун жылдар  сот аркылуу  компенсация ала албай жургондорго салыштырмалуу  Усөн өндүрүп  алды. 2007-жылы декабрь айын жубайым менен акча табуу айынан Москвага кеттик деп эскерет Чопуров.  Алар өз жолу менен эмес жаштар, ишке орноштуруу министрлиги аркылуу барышкан тийиштүү келишимдерди толтуруп, документ такталганы менен  Россия аймагында иш издеп көпкө убара тарттык.  “Энка Иншаатве Санайн А.Ш ачык акционердик коому беш кабаттуу борбор куруп,  иштеп калдым. Бул курулушта кыргызстандыктар  көп  болчу. Жумушчуларга тузулгон шарт жокко  эссе. Бирок  бул нерсебизди көп кабатырланткан жок. Анткени баарыбыз  көп акча таап,  уйгө кайтуу биринчи орунда  эле. Бирок бул тилектер ишке ашпай калды. Үсөн Москвада болгону 3 ай жашады. Жумуштагы кырсык анын тилектерин ишке ашырууга  мүмкүнчүлүк  бербеди. Бир күнү  ал жогор жактан кулап, төртунчу кабатка тушкөн. Бул ишти жогорку имараттан эмес керебеттен кулап тушкөндөй  жапкысы келишти дейт жабырлануучу.  Аны жубайы өз  каражаты менен мекенге алып келген алгач  мен  таптакыр кыймылдай албай арыктап да кеткен. Бишкеке келип,   абалын жакшырды.  Мамэкотехинспекциясынын кызматкерлери Россиядагы өз  кесиптештери менен байланышып,  алар кырсык катталган жерде текшеруу иштерин жүргүзүштү бул демилгелердин аркасында  түрк компаниясы мен  иштеген 185  мин рубль  көлөмундө жөлук пул төлөп  беришти. Ошону менен катар  алар ай сайын  13 мин рубльдан берип турат. Чопуровго компенсация  өндүрүп  алуусуна колунда калган  миграциялык карточкасы чон жардамын берди ал ошондой  эле  жалданып иштеген турк компаниясынын  так  дарегин жаттап калган дейт эмгекти коргоо бөлүмүнуүн  башчысы Бакытбек Джолчиев. Көпчүлүк  мигранттар эмгек карточкаларын жоготуп алат. Анан кырсык катталган учурда иликтөө иштери мүмкүн эмес.  

Жабырлануучуларга компенсация

Кыргызстандын мыйзамдарын ылайык кырсыктарга кабылган шартта жарандарга акчалай  түрдө  компенсация  төлөнүп берилет. Биринчи топтогу майыптарга, жумушка жарамдуулугун жоготуп алган болсо 10 жылдык айлык акысы бир берилет жана сотмедэкспертизанын корутундусу менен ай сайын  пособие  да  төлөнүшү керек. Ал эми 2- топтогу майыптарга  5, 3-топтогу майыптарга 3  жылдык айлык акысы бир берилет. Мындан тышкары бекитилген  көлөмдө  ай сайын  пособие берилет үй-бүлөдөгу негизги багуучу адам курмандыка дуушар болсо 20 жылдык эмгек акысы бир берилет-Александр Жевнаренко жакшы жашоону көксөп сыртка чыккан эмес. Ал  өз өлкөбуздө жабыркады. Ал эми 3  жылдан  бери  соттук териштирүүдө жүрөт. Жыйынтык жок. Александр  озучурунда Күмтөр оперейтинг компани ишканасында ооруна алардын айдоочусу болуп иштеген. Акыркы жылдары  ал  апасынын пенсиясына жашап келет  —мен  ден соолугумду жоготтум үй-бүлөмдү. Узун бойлуу мырзанын саламаттыгы бала чакасын багууга  мүмкүнчүлүк  бербей,  апамдын мандайында отурам дейт.  Бир саат  бою  Александр отурбай туруп турду. Устөлгө отурса ички көндөйү сыгылып, ынгайсыздык башталат. Ооруга чыдоо мүмкүн эмес. Александр ден соолугун ондойм деп коп операциядан өттү. 1997-жылы аппендицит болду, андан  сон  грыжа. Мунун баары оор иштин кесепетинен пайда болгон. Дарты Александр дымайып кылат деген эч кимдин оюна келген эмес.  Ал өзүн  чымыр, баарына туруштук берген адам  элем  деп эскерет. Анткени  медкомиссия дагы аны женил ишке которууга муктаж деген тактама берген. Бирок  тактаманы Кумтөр ишканасынын администрациясы жокко чыгарды.  Азыр Александрдын колунда расмий кагаздар жок. Дарыгерлердин  бүтүмү,  арыз жана башка. Алардын биринде  төмөнку маалыматтар камтылган: «соттук-медициналык экспертизанын 2005-жылдын  12-апрелиндеги бүтүмүнө ылайык, иштеген Кумтөр ишканасында санитардык-гигиеникалык талаптар сакталбагандыктан бир  катар  илдеттери пайда болгон,  анытезинен башка  ишке котору зарыл, ашыкча оорчулукту көтөрөалбайт»  Александр тескерисинче  таза, женил ишке эмес   80 тонна жүктү ташыган оорун ааларга айдоочулука өчөшкөнсүп которуп коюшту.  Анын кабинасына отурууүчүн 3 метр  которулуш керек жана рулда 11 саат отурууга туура келет. Кыйын кырдаалга кабылган Александрга азыр Мамэкотехинспекциясынын эмгекти коргоо  бөлүмүнүн кызматкерлери гана жардам көрсөтуудө. Эки жолу жогорку сот болуп өтту. Сот  органдары жабырлану учунун пайдасына чечим чыгарып берди. Бирок  бул  Күмтөр жетекчилигине жаккан жок. 12-декабрда  кайрадан чон чыр менен соттук териштирүүгө  түштү. Чыккан чечимде  Сот  органдырынын бүтүмү чыккан кундөн тарта кучуно кирет жана кайра каралбайт деп  так көрсөтүлгөн. Эмгекти коргоо  бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Джолчиев бул иш  кайра каралып калышы ыктымалдыгын айтат. Ооруулу адамды ого бекер кыйнабай бул ишти аягына чыгаруу  зарыл. Өкүндүргөнү биздин өлкөдөгу  сот органдары чечимдерин  кайра кайра өзгөртө бергендиги дейт бөлум башчы. 

Реформаторлор эмгек кодексин унутуп коюшкан.

 Рефорга чейин биздин функционалдык милдеттер  көп болчу деп эмгекти коргоо  бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Джолчиев айтат. Азыр биз эмгекти коргоо тармагында гана текшеруу  жүргүзүүгө укуктуубуз. Ал эми эмгекти коргоо мыйзамдарынын аткарылып жаткандыгын козомолдой албайбыз.  Бул жагдайды  түшүндүрүп берүү үчүн  Башкы прокуратурагада кайрылганбыз. Бирок алар Маминспекция белгиленген мыйзамдын алкагынан чыкпашы керек деген гана жооп берди.  Мындай жагдайда  эл  кыйналып, жабыр тартып жатат. Бизге кайрылгандар арбын. Алардын баарын  кайра башкы прокуратурага  жөнөтөбуз. Алар кайра  райондук прокуратурага айдапал жактан биздин инспекцияга кайра келишет. Бечара жабырлануучулар айланып эле, алардын  көйгөйдү менен эч ким алектен бейт. Джолчиев келтирген фактылар ойлондурбай койбойт.  Салыштырып  көрсөк. 2010-жылы  эмгекти коргоо кызматы өз алдынча башкармалык болгон кезде айлык акы маселеси менен кайрылган жарандарга  6,4 млн   сом  төлөнүп берилген. 2011-жылы 6,8  млн. ал эми өткөн жылы  421,4  мин  сом гана өндурулуп, кайрылгандардын дооматы канаттандырылган. Эми  жарандардын эмгегин арзыбаган акчага баалап,  кааласа иштен кетирипиш берүүчүлөр өз билгендеринжасоогочон  мүмкүнчүлүк  түзүлдү. Жардам сурап кайрылгандардын  саны суюлуп кетти  өткөн  жылы 256 адам келген, мурдагы жылдары бул  көрсөткүч 4 эссе көп болчу.

Дополнительная информация