Мамэкотехинспекциясынын инспекторлору алдыда эмгекти коргоо чөйрөсүндө инспектирлөөнүн эл аралык тажрыйбасын окуй алышат.
- Подробности
- Опубликовано 27.11.2012 15:48
Мамэкотехинспекциясынын инспекторлору алдыда эмгекти коргоо чөйрөсүндө инспектирлөөнүн эл аралык тажрыйбасын окуй алышат.
Мамэкотехинспекциясынын инспекторлору алдыда эмгекти коргоо чөйрөсүндө инспектирлөөнүн эл аралык тажрыйбасын окуй алышат О. Артыкбаев: Мамэкотехинспекциясынын инспекторлору алдыда эмгекти коргоо чөйрөсүндө инспектирлоонун эл аралык тажрыйбасын окуй алышат КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору О.Артыкбаев эмгекти коргоо эл аралык уюмунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү башкы техникалык кеңешчиси Рольф Бюшел мырза менен жолугушту. Анда « татыктуу жана коопсуз эмгек менен камсыз кылууда кризистерди алдын алуу » деген аталышта ишке ашырууга пландалып жаткан долбоорунун алкагында маек жүрдү.
Мындан тышкары инспекциянын кызматкрелеринин эмгекти коргоо жаатында кесиптик тажрыйбасын жогорулатуу боюнча да маселе көтөрүлдү. Келечекте Мамэкотехинспекциясы жана Эмгекти коргоо эл аралык уюмунун ортосунда макулдашылуучу долбоордун алкагында инспекциянын инспекторлору эмгекти коргоо боюнча эл аралык тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк алат.