IFC Дональд Макрей консультантынын миссиясы
- Подробности
- Опубликовано 07.12.2012 17:44
IFC Дональд Макрей консультантынын миссиясы
КР Өкмөтунө караштуу экологиялык жана техникалык коопуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы директор Артыкбаев Осмонбектин жетекчилиги астында текшеруулөрду көзөмөлдөө жана ишке ашыруу системасы боюнча эл аралык консультант Дональдом Макрей мырза менен өткөн эки тараптуу жолугушуусунда Мамэкотехинспекциясындагы көзөмөл жана контрол жаатындагы өкмөттүн реформалары талкууга алынды. Дональд Макрей иш сапары учурунда КР вице-премьер-министр Т.Сарпашев жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен жолукту.
Жолугушууда Мамэкотехинспекциясынын алдыдагы ишмердүүлүгү каралды. Консультант Армения, Улуу Британия жана Монголиянын текшерүү тармагындагы институцияналдык реформаларынын тажрыйбасы менен бөлүштү.
Эл аралык консультант өз кезегинде Мамэкотехинспекциясынын 10 айдагы жетишкендигин КР Өкмөтүндөгү реформалардын алгылыктуу башталышы экендигин белгиледи. Консультант ошондой эле КР Өкмөтү тарабынан контрол жана көзөмөл тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртып, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык абалдын оңдолушуна шарт түзөөрүн кошумчалады.
Өз миссиясынын алкагында Дональд Макрей Мамэкотехинспекциясынын инспекторлору үчүн текшерүүчү кагаздарды колдонуу жана институционалдык деңгээлин жогорулатуу боюнча окутуучу тренингдерди өткөрдү.