Мамэкотехинспекциянын кызматкрелерин окутуучу семинарлар
- Подробности
- Опубликовано 30.10.2012 11:03
2012-жылдын 22-26-октябрга чейин КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери үчүн Британиянын башкаруу системасын жакшыртуу боюнча бюросунун өкүлдөрү тарабынан семинарлар өткөрүлгөн. Ага BRDO уюмунун директору Грэм Рассел, анын орун басары Кейт Флетчер айым катышкан.
Семинарлар «тобокелдикти балоо жана даражасынын критерийлери» жана «Улуу Британиянын тескөө тажрыйбасы»темасы алкагында өтүп, ага инспекциянын региондордогу башкармалыктарынын кызматкерлери катышты. Окутуунун максаты текшерүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана чарбалык субъектилер менен тыгыз кызматташуу.