«Кыргызстандын түштүгүндө электр чубалгыларын жанылоо» боюнча пландуу текшеруу

«Кыргызстандын  түштүгүндө  электр  чубалгыларын жанылоо» боюнча пландуу  текшеруу

 КР Биринчи вице-премьер-министринин  2012-жылдын 26-июлундагы №15-68 протоколдук  тапшырмасы менен    «Кыргызстандын  түштүгүндө  электр  чубалгыларын жанылоо» долбоорун жүзөгө  ашырууда  иштин  сапаттуулугуна көзөмөл  кылуу  жана контролдоо  максатында  Мамэкотехинспекциясынын кызматкрелери  тарабынан көчмө комиссия уюшулган. Текшерүүгө « Улуттук  электр тармактары» ААК жана  долбоорду ишке ашырып жаткан «ТВЭА» компаниясы  буйрутма берген.

Текшерилген обьектилер  туурасында алгачкы маалыматтар:

-долбоордун  атылышы: «Кыргызстандын  түштүгүндө  электр  чубалгыларын жаңылоо»

-долбоордун  суммасы :  208 млн. доллар,Кытайдын экспорттук-импорттук  банкы каржылайт

-келишимдик макулдашуу  № 166-69/0093 15.10.09.

-буйрутма берген «Кыргызстандын  Улуттук  Электр  Тармактары» ААК

-долбоорчу жана ишке ашыруучу Кытайдын «ТВЕА» компаниясы, лицензиясынын  сериясы КРЦ-1-2 № 04109, 3-ноябрь 2011-жыл

-аталган  долбоор 500кВ кубаттуулуктагы  жаңы   көмөк чордонду  камтыйт. Датка  жана 220кВ кубатуулуктагы 5  көмөкчордондо реконструкцияны «Кристалл, Төрөбаев, Узловая, Алай, Айгүл-Таш» жана  ошондой эле  220 кВ жогорку чыңалуудагы 225 чакырымдагы чубалгыларды. Ал  жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарын  кесип  өтөт. Бул  долбоор  ишке кирген  соң  электр түйүндөрүнүн абалы  жакшырып, ички энерго шакекчени  камсыздайт.

Учурда  500 кВ обьектисинде курулуш иштери  жүрүүдө. Датка, Кристалл  жана Узловая көмөк  чордондорунда 104 даана  түркүк орнотулган. Ошондой эле ага удаа кичи  негиздеги  жогорку чыңалуудагы жайларда   иштер  жүрүдө.

Жогоруда айтылган обьектилерде төмөнкүдөй мыйзам  бузуулар  аныкталган:

1.Курулушту  этап-этабы менен кабыл  алуу ишке ашкан эмес. Бузуулар КР Өкмөтүнүн  № 95 10.02.09.ж токтому менен бекитилген;

2.жогорку чыңалуудагы чубалгылар, жабдыктар, жер кыртышын сыноонун лабораториялык жыйынтыктары көрсөтулгөн эмес.

3.Геодезиялык  съемкалар берилген эмес.Санитардык нормалар   жана  эрежелер бузулган 12-02:2004

4. аткарылган документациялар  көрсөтүлгөн эмес, иштин жүрүшү туурасында  журнал түзүлгөн эмес, эритүүчү иштерге, бетон  иштеринин автордук көзөмөлдөрү  туурасында. Санитардык нормалар жана эрежелер бузулган  11-02-00.

5. тымызын  иштер туурасында  күбөлөндүрүүчү акт тузулгон  эмес.   Санитардык нормалар жана эрежелер бузулган 12-02:2004

6-эритүүчү иштерге  оң корутундулардын  анализи жок, битум аралашмасынынкурамындагы   гидроизоляциялык материалдарына 

7.долбоордо  курулуштун пайдубалын түптөөдө арматуранын  классификациясы көрсөтулгөн эмес.

8.жооптуу  конструкцияларга Кытайда өндүрүлгөн  арматуралар лабораториялык текшерүүсү  жок колдонулууда. Алардын  кайсы стандартка  туура келе  тургандыгы  белгисиз. Курулушта колдонууга  маалымат берген  зарыл документтери жок.

9. курулуш журуп жаткан жер участогуна уруксат берген укуктук  кагаздар жок.

10. жолдорду суу менен  жуу ишке ашырылбайт (айлана-чөйрөну коргоо талаптары)

11.Тиричиликтен   чыккан калдыктар   иретсиз ташталган, ташталуучу  жайдын  көлөмү бекитилген эмес. Анын  кесепетинен  жер участокторунун булгануусу  пайда  болгон.(айлана-чөйрөну коргоо талаптары )

12. убактылуу  жол курууда  жердин кыртышы бузулган(акт жана эсеп-кысап  түзүлгөн эмес, төлөнгөн эмес.)

13.14.02.1998-жылдагы №66  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн токтомунун негизинде  жер участкасында  кетирилген  чарбалык  пайда   боюнча  кайтарылган эмес.(эсеп Улуттук  Электр тармактарф  ААК тарабынан тузулуп, токтотулган) 

14.Айлана-чөйрөну коргоо боюнча  терриоторияалдык  башкармалыктарын каттоо боюнча  документ берилген эмес.

15. Курулушка уруксат берилген обьектилерде   жогорку чыңалуудагы түркүктөрдү  монтаждоонун орду көрсөтүлгөн эмес

16.Металл конструкцияларга  зарыл документтер жок,  биздин стандартка туура келген жана конструкция кайсы металдан  тургандыгы боюнча

17.«Датка» көмөк чордунандагу курулушту коштогон  техникалык көзөмөлдө квалификациялык  сертификат жок

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 16.08.2012-жылы  протокол түзүлгөон жана  аныкталган мыйзам бузуулардын  кесепеттерин жоюу боюнча 2012-жылдын 23-сентябрына чейин  убакыт берилген

 

Дополнительная информация