Кыргызстандагы май куюучу станцияларды текшерүү

Өкмөттүн  аппарат башчысы Беков.Т.Н  тапшырмасы менен  Мамэкотехинспекциясынын  кызматкрелери өлкөдөгү баардык май куюуучу  станцияларда текшерүү иштери  жүргүзүлгөн. Республика  боюнча  723 станция катталган. Анын 70  иштебейт. Текшерүүнүн жүрүшүндө инспекциянын  кызматкерлери  тарабынан   653 май куюуучу  жайдан  4 мин 397 ченемдик укуктук  актылардын  бузулгандыгы   аныкталган.

 1. экологиялык коопсуздук  боюнча – 991  мыйза бузуу;

2. өнөр-жай жана тоо-кен коопсузду боюнча  – 723  мыйзам  бузуу;

3. энергетикалык коопсуздук  боюнча  – 401 мыйзам  бузуу;

4өрт  коопсуздугу  боюнча– 778 мыйзам  бузуу  ;

5.архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча – 338 мыйзам  бузуу;

6. жерди коргоо жана колдонуу боюнча  – 77 мыйзам  бузуу;

7. эмгекти  коргоону көзөмөлдөө  боюнча – 401 мыйзам  бузуу.

Текшерүүнүн жыйнытыгы  менен  кыргыз Республикасынын  аймагында  72 май куюуучу станция жабылган. 219 станциянын ээлери 227  700  сомго  айыпка жыгылган.3  станция боюнча  маалыматтар  прокуратура органдарына  өткөрүлгөн.

Дополнительная информация