2013-жылдын 12-апрелинде Мамэкотехинспекциясынын директору Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович Дүйнөлүк банктын суу ресурстары боюнча консультанты Девид Меербах мырза менен жолугушту.
- Подробности
- Опубликовано 16.04.2013 16:28
2013-жылдын 12-апрелинде Мамэкотехинспекциясынын директору Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович Дүйнөлүк банктын суу ресурстары боюнча консультанты Девид Меербах мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жүрүп жаткан реформалардын айланасында сөз болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында консультант мырза реформа аракеттерине жана Мамэкотехинспекциянын 2012-жылда аткарган ишине жогорку баасын берди.
Мындан тышкары жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасында суу секторун өнүктүрүү маселеси да каралды. Ошондой эле суу ресурстарын өнүктүрүүгө багытталган долбоордун тегерегинде талкуу жүрдү. Аталган долбоор Кыргыз Республикасынын тийиштүү ведомстволору жана Дүйнөлүк Банк, Швейцария өкмөтүнүн жардамы астында иш жүзүнө ашырылат деп пландалууда.
Жолугушуунун сонунда Мамэкотехинспекция менен Дүйнөлүк Банктын ортосунда кызматташтыкты улантуу макулдашылып, долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү да сүйлөшүлдү.