25-апрелде Астана шаарындагы «Корме» көргөзмө борборунда эмгекти жана өнөр-жай коопсуздугун коргоо боюнча KIOSH-2013 3-эл аралык конференциясы болуп өттү.
- Подробности
- Опубликовано 15.05.2013 11:30
25-апрелде Астана шаарындагы «Корме» көргөзмө борборунда эмгекти жана өнөр-жай коопсуздугун коргоо боюнча KIOSH-2013 3-эл аралык конференциясы болуп өттү.
Булиш-чара жылда 28-апрелде белгиленүүчү бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата уюштурулган. Аталган конференцияга Мамэкотехинспекциясынын директору Артыкбаев О.М жана статс-катчы Асылбеков С.Т катышып келди.
Конференциянын алкагында Мамэкотехинспекциясынын статс катчысы Асылбеков Т.С « Кыргыз Республикасындагы эмгек шарттары, анны коргоо, эмгекти коргоону башкаруу системасы» деген темада баяндама жасады.
Эл аралык эмгекти коргоо уюмунун тактоолоруна караганда, жылда 270 млн адам иш үстүндө жаракат алып, 160 млн адамда түрдүү илдеттери менен катталат.
Белгилей кетсек, KIOSH 2013 көргөзмөсүнө Казакстан, Россия, Украинанын 43 компаниясы катышты.
Көргөзмөнүн башкы максаты эмгекти коргоо жана коопсуздук жаатына салым кошуу. Жарманкеде түрдүү технологиялар, өндүрүштөгү кырсыкты алдын алууда коргоону ыкмалары, жабдыктары тааныштырылды.
Иш сапардын соңунда Казакстан менен Кыргызстандын Мамэкотехинспекциясынын ортосунда өз ара карым-катнаш, тажрыйба алмашуу жаатында кеилишим түзүлдү.