КРӨ караштуу ЭТКМИ эл аралык уюмдар менен кызматташуу алкагында 2013-жылдын 3-майында Германия эл аралык кызматташтык коомунун Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу экологиялык  жана  техникалык коопсуздук  боюнча  мамлекеттик  инспекциясында  эл аралык  уюмдар менен  кызматташуу алкагында  2013-жылдын  3-майында  Германия эл  аралык кызматташтык коомунун  Кыргызстандагы  өкүлдөрү  менен  жолугушуу  болуп  өттү. (мындан  ары - GIZ).  

Сүйлөшүүлөрдүн  жүрүшүндө  экологиялык  жана техникалык коопсуздукту камсыздоо  жаатында  жүргүзүлгөн   реформа  тегерегинде  талкуу  жүрдү.  Жолугушуунун  сонунда Германия  эл аралык кызматташтык коому  жасалган  реформа иштерине  жогорку  баасын  берип, Мамэкотехинспекциясынын  2012-2013-жылдагы  иш  аракеттерин  мактоого  алды.  Мындан тышкары     жолугушууда экологиялык  жана  техникалык  коопсуздук  тармагында  немец  кесиптештер менен  тажрыйба алмашуу жана аталган  коом ишке ашырып жаткан  долбоор  менен  кызматташуу шарттары  да каралды.

 

 

IMG_2252.jpg - 894.75 KB

 

IMG_2255.jpg - 894.79 KB

 

 IMG_2257.jpg - 746.10 KB

 

 IMG_2265.jpg - 1.02 MB

 

Дополнительная информация