2013-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө окутуу

  2013-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө окутуу боюнча 48 сааттык программанын жыйынтыгы чыгарылып, бул боюнча окутулган 16 кызматкерге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаттары (тастыктамалары) тапшырылды. 

      Тастыкмаларды тапшырууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-методикалык борборунун жетекчиси Исманкулова Айнура Төлөбековна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын директорунун милдетин аткаруучу Асылбеков Таалайбек Спартакович,  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  башкаруу Академиясынын алдындагы кошумча билим берүү жана мамлекеттик кызматкерлердин билимин жогорулатуу институтунун  окутуучусу, мугалим  Аалиева Салтанат Сакешевна, ЭТКМИ нин мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Тюменбаев Бексару Турдубекович катышты. 

 

            Тастыктамаларды тапшыруу аземинде окугандардын атынан топтун башчысы, архитектура жана курулуш көзөмөлдүгү башкармалыгынын адиси Баязова Айчолпон ыраачылык билдирип сөз сүйлөдү жана мугалимге эстелик белек тапшырды.

  

 

   

Тастыктама алгандардын ичинен , өрткө каршы  көзөмөлдүк инспекциясынын кызматкери Кантемир Саалаев төмөнкүдөй ыр арнады:

      Жаңырык

Эне тилди барктоого, элибизди үндөйлү,

Бөтөн тилди жолотпой, эркин таза сүйлөйлү.

Кыргыз тилин тактап, сүйлөп билбесек,

Бөтөн тилдин очогунда күйбөйбү,

Аны танбай өздөштүргөн чет элдик,

Кыргыздардын пастыгына күлбөйбү.

Ошондуктан намысты биз ойгонтуп,

Эне тилде өркүндөйлү, гүлдөйлү.

             Кантемир Саалаев. 24.05.2013-ж.

     

Дополнительная информация