Урматтуу кесиптештер! Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин үйрөнүү бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүп жаткан маанилүү иш чара болуп эсептелинет.

Урматтуу кесиптештер!

     Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин  үйрөнүү бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүп жаткан маанилүү иш чара болуп эсептелинет. Анткени бул кыргыз улутунун тили, эгерде тил болбосо улут жок болот, демек мамлекеттин  дагы болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан бардык өлкөлөрдө өз эне тилин жогорку деңгээлде билүү маселеси көтөрүлүп жаткандыгы бекеринен эмес.  Мисалы, коңшу Казакстанда эне тилин үйрөнүү бала бакчадан тартып атайын программалар менен жүргүзүлө баштады.

Кыргыз Республикасында дагы  бул боюнча атайын Өкмөттүн токтому кабыл алынып, жакындан бери  күрдөөлдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Кыргыз Республикасынын Президентине  караштуу  Мамлекеттик тил комиссиясы  кыргыз тилин өркүндөтүү, аны пайдалануу чөйрөсүн кеңейтүү жана окутуу боюнча бир кыйла иш чараларды белгилеген.  Ушул иш чаралардын алкактарында биздин Экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция  дагы өз  иш кагаздарын, кеңешмелерди жана башка күндөлүк иштерди мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча  түзүлгөн иш чаралардын планынын негизинде иштерди аткарып, анын ичинде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча топту 48 сааттык программа менен окутууну каржылады.  Ошонун жыйынтыгы менен бүгүн сиздер сертификат алууга татыктуу болуп турасыздар.  Бул сиздердин келечектеги ишиңиздерге, кызматтык жогорулашыңыздарга, жалпы эле биздин мекеменин ишинин илгерилешине  көмөкчү болот деп ойлоймун.

 

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерге мамлекетибиздин өсүп –өнүгүүсүнө багытталган ишиңердеги ийгиликти, бекем ден соолукту каалаймын!

Урматтуу Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлери!

Сиздерге дагы Мамэкотехинспекциясынын  жалпы коллективинин, жетекчилигинин атынан  чоң ырахмат айтабыз жана ишиңиздердеги жетишкендиктерди жана чың ден соолукту каалайбыз!

Урматым менен Мамэкотехинспекциясынын статс-катчысы Т.Асылбеков.

 

Дополнительная информация