Мамэкотехинспекциянын өртү көзөмөлдө адистери шайлоо участкаларын текшерүнүн негизинде объектердин жетекчилерине 12 бүйрутма тапшырылды.

   Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештерин таратуу жана мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоолорду дайындоо жѳнүндѳгү» №156 Жарлыгына ылайык, 2013-жылдын 18-августунда ѳтѳ турган шайлоолордо шайлоо комиссиялары жайгашкан пункттардын ѳрт коопсуздугун камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2013-жылдын 26-июлундагы №304-буйругунун аткарылышы боюнча тѳмѳнкүдѳй маалымат билдирет.

   Ош областынын Кара-Суу шаарында жайгашкан №5265, 5266, 5267, 5268, 5269, 5270, Жалал-Абад областынын Терек-Сай айыл ѳкмѳтүндѳ жайгашкан №299, 300, 403 жана Тогуз-Торо районундагы №2089 (Ленин), №2090 (Додомол), №2091 (Кош-Булак) шайлоо участокторунда ѳрт-техникалык иликтѳѳ жүргүзүлдү. Ѳрт коопсуздугу боюнча  объект жетекчилерине жалпы 96 пункттан турган 12 кѳрсѳтмѳ берилип, бүгүнкү күндѳ контролдук текшерүүдѳн ѳткѳрүлүп, 94 ѳрт коопсуздук иш чаралар аткарылып, тѳмѳнкү кемчиликтер аныкталды: Кара-Суу райондук маданият үйүнүн залында жайгашкан №5268 жана К.Жакыпов атындагы жатак интернатында жайгашкан №5270 шайлоо участокторунда кошумча эшиктер камсыз болгон эмес. Бул кемчиликтер боюнча Кара-Суу райондук администрациясына жана Кара-Суу райондук шайлоо комиссиясына билдирүүлѳр берилди. 

 

 

Дополнительная информация