Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун 2013-жылдын 25-сентябрдагы №469 буйругуна ылайык «Кара-Суу» базарындагы өрт коопсуздугунун абалын текшерүү өткөрүлдү.

   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экологиялык  жана  техникалык коопсуздук  боюнча  мамлекеттик  инспекциясынын  директорунун 2013-жылдын 25-сентябрдагы №469  буйругуна ылайык жана  өрт  кырсыктарынын анализин   негизге  алып, регионалдык  башкармалыктын кызматкерлери  менен биргеликте «Кара-Суу» базарындагы өрт коопсуздугунун абалын текшерүү  өткөрүлдү. Анда  төмөнку өрт коопсуздугунун эрежелери бузулгандыгы аныкталды:

- өрткө каршы суу менен  камсыз кылуучу  жабдык  жабык, мурдагысы контейнерлер  менен тосулуп  калган. 

- өтмө жолдор контейнер,тандыр мештер менен  тосулган

- электр чубалгылары, электр жабдыктары эжеге ылайыксыз  орнотулган

- газ баллондорду колдонууга  жол берилген

- чубалгыларда, электр тогун өткөрүүчү зымдар техникалык сыноодон өткөн эмес

- эски мечиттин чатыры өрттөн сактоочу жабдыктар менен  корголгон эмес. Электр  зымдары  чарып аркылуу  өтүп, өрттү өчрүүчү алгачкы керектүү каражаттар  жок.

   Өрт коопсуздугунун  талаптары  аткарылбагандыктан  «Тураталы»   базарынын азык-түлүк  сатуучу  өтмөктөрү жабылды. Мындан тышкары  «Оомат»  базарын электр  энергиясы менен  камсыздоочу  жабдыктарынын  иши токтотулду. Ошондой  эле «Сайкал-Юг» базарынын  дагы  электр энергиясы менен  камсыздоочу  электрщиттерине мөөр  басылып, иши  токтотулду. Базардын  аймагындагы  мечитти  эксплуатациялоого тыю салынды.  Текшерүү  иштери  жергиликтүү  администрация жана ички иштер  министрлигинин  өкүлдөрунун катышуусунда  орун  алды. Бул ишти  элге жеткирүү жана  кабарлар  кылуу максатында  текшерүү иштерине  массалык  маалымат каражаттарынын  өкүлдөрү катышып, элге  жеткиришти.

   Соода комплекстеринде  өрт коопсуздугу эрежелеринин  талаптарын  сактоо  боюнча   базардын  администрациясына практикалык  жана  теориялык семинарлар өткөрүлдү.

 

 

Дополнительная информация