Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭТКМИ директорунун орун басары Сатымбаев А. соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-польша өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги 3-отурумуна катышты.
- Подробности
- Опубликовано 30.10.2013 17:33
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Сатымбаев Абдибек соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-польша өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги 3-отурумуна катышты. Аталган жыйын 2013-жылдын 22-23-октябрь күндөрү Варшава шаарында болуп өттү. Анда кыргыз делегациясын экономика министри Темир Сариев жетектесе, Польша тараптын делегациясын экономика министринин орун басары Анджей Дыха жетектеди.
Комиссиянын ишинин алкагында Мамэкотехинспекциясынын директорунун орун басары Сатымбаев Абдибек инспекциянын ишмердүүлүгү туурасында маалымат берип, экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатында жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгы менен, ошондой эле жетишилген ийгиликтер жөнүндө, мамлекеттик көзөмөл, контрол жаатындагы башкаруу системасын оптимизациялоо аракеттери жөнүндө кабардар кылды. Ал эми Польша тарап өз кезегинде ишкерлер үчүн иштелип чыккан «Greenеvo» долбоорун ишке ашыруу тууралу айтып беришти. Ал программа Польшанын айлана-чөйрөнү коргоо, жаны экотехнологиялар жөнүндө министрлиги тарабынан демилгеленип, ишке ашып жатат. Ошондой эле кыргыз тарапка текшерүүлөрдү жүргүзүүдө польша тажрыйбасы менен таанышып көрүүнү сунуш кылды. Жыйындын сонунда эки тарап тең экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу жатында көзөмөл, контрол жүргүзүүдө кызматташууга даярдыгын билдиришти. Мындан тышкары алакаларды бекемдөгө ар кыл жардам берүүлөрдү макулдашышты.