Ош областынын Кара-Суу районундагы Кара-Суу базары боюнча аткарылган иш-чаралар боюнча маалымат
- Подробности
- Опубликовано 05.11.2013 11:58
Тураталы мамлекеттик базарынын аймагында өрт өчүрүүчү 1000 тонналык суу көлмөсү жайгашкан, 2005-жылдагы революциядан кийин суу көлмөнүн үстүнө Абжапарова Суксур жана Убрагимов Жанарбектер эч бир архитектуралык уруксаат кагаздары жок мыйзамсыз өз алдынча курулуш куруп, 7 жылдан бери коомдук ашкана кылып иштетип келе жаткандыгы аныкталды. Жеке ишкер Б.Шайназарованын кичи соода базарында 503 соода контейнерлер жайгашкан, 6 контейнерди 400 тонналык өрткө каршы суу көлмөсүнүн үстүнө жайгаштырып, жаап койгон. Азыркы күндө суу көлмөлөрүнө кирүүгө жана иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2012-жылдын 8-ноябрындагы «Кара-Суу районунун борбордук базарынын азыркы күндөгү абалын иликтөө жана ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо максатында жумушчу тобун түзүү жөнүндө» №179-б буйругунун негизинде 2012-жылдын ноябрь айынан азыркы күнгө чейин жогорудагы баардык субьектилер пландан тышкары түрдө текшерүү жүргүзүлүп, көрсөтмөлөр берилди жана Кара-Суу райадминистрациясына, Сарай айылдык округуна, райондук архитектура-курулуш бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, базардын коопсуздук абалы боюнча билдирүүлөр, сунуштарыбыз жана аткарылган иштер боюнча маалымат берилген. 2013-жылдын 19-январында райондук деңгээлде административдик комиссия өткөрүлүп, көрсөтмөдө берилген тапшырмалардын тез арада аткарылуусу талкууланып, бүгүнкү күнгө чейин Кара-Суу-Отуз-Адыр жолунун боюндагы мыйзамсыз курулган 14-контейнер, 3 самсакана, 12 бастырма жана тосмолор буздурулуп, алынып салынды. Автостоянкадагы кароолкана бузулуп, базарга кирүүчү борбордук жолдордо мөмө-жемиш сатуучу соодагерлердин прилавкалары жашылча базарына жылдырылды. “Туратали базары” мамлекеттик ишканасы тарабынан базардын ичиндеги мыйзамсыз курулган 26 соода түйүндөр бузулуп алынып салынды жана азыркы күндө Кара-Суу райондук мамлекеттик аткаруу органдары тарабынан, берилген көрсөтмөлөрдү аткаруу боюнча, мыйзамсыз курулуштарды алуу, жолдорду ачуу иштери улантылып жатат.
Жогорудагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюу боюнча ар бир ээлик кылуучу субъектилерге көрсөтмөлөр берилген.
2013-жылдын октябрь айында Кара-Суу райондук борбордук базарларында жайгашкан төмөндөгү базарларда пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам чегинде чаралар көрүлдү
1.“Тураталы базары” мамлекеттик ишканасы, биздин башкарманын 2013-жылдын 04-октябрындагы №158-13 токтом-протоколунун негизинде базардын жашылча-жемиш базарынын дарбазалары бекитилип, иши токтотулду жана директору Үсөнов Манас Тураталиевичке КР АЖ кодексинин 396-беренеси менен 5000 сом суммасында айып салынып өндүрүлдү.
2. “Оомат 21-кылым” ЖЧКнун соода контейнер базары, 2013-жылдын 04-октябрындагы №155-13 токтом-протоколунун негизинде базардын толук электр жабдыктары өчүрүлүп, директору М. Абдыкахаровго КР АЖ кодексинин 396-беренеси менен 40000 сомсуммасында айып салынып өндүрүлдү.
3. “Сайкал-Юг” ЖЧКнун соода контейнер базары, 2013-жылдын 04-октябрындагы №157-13 токтом-протоколунун негизинде базардын толук Үч электр рубилниги өчүрүлүп, директору Азимбаев КР АЖ кодексинин 396-беренеси менен 40000 сом суммасында айып салынып өндүрүлдү.
4. Кара-Суу базарларынын аймагындагы өрткө кооптуу абалдагы борбордук мечиттин имараты, 2013-жылдын 04-октябрындагы №156-13 токтом-протоколунун негизинде жабылды.
5. Жеке ишкер Мирзаеванын соода контейнер базары, 2013-жылдын 10-октябрындагы №162-13 токтом-протоколунун негизинде 4 базарды тейлеген котейнерлердин арасына мыйзамсыз коюлган электр өчүрүлдү.
6. Жеке ишкер Жээнбековдун соода контейнер базары, 2013-жылдын 10-октябрындагы №162-13 токтом-протоколунун негизинде базардын толук электр жабдыктары өчүрүлүп, жетекчиси Надыров Сагынычка КР АЖ кодексинин 396-беренеси менен 5000 сом суммасында айып салынды.
7. Жеке ишкер Шайназаровдун соода контейнер базары, 2013-жылдын 10-октябрындагы №162-13 токтом-протоколунун негизинде базардын толук электр жабдыктары өчүрүлүп, жетекчиси Шайназарова Бегайым Арыновнага КР АЖ кодексинин 396-беренеси менен 5000 сом суммасында айып салынды.
8. Жеке ишкер Халиловдун соода контейнер базары, 2013-жылдын 10-октябрындагы №162-13 токтом-протоколунун негизинде базардын толук электр жабдыктары өчүрүлүп, жетекчиси Халилов Исраилге КР АЖ кодексинин 396-беренеси менен 5000 сом суммасында айып салынды.
9. Жеке ишкер Рахимованын соода контейнер базары, 2013-жылдын 11-октябрындагы №160-13 токтом-протоколунун негизинде базардын электр рубилниги өчүрүлүп, жетекчиси Рахимова Элмира Гуламовнага КР АЖ кодексинин 396-беренеси менен 5000 сом суммасында айып салынды.
Азыркы күндө калган базарлар боюнча иштер улантылып жатат.